www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канат Бегалиев:

Белгилүү спортчу, Бээжиндеги Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Канат Бегалиев Камчы Көлбаевди колдоп, анын үй-бүлөсүнө кандайча жардам бергенин эстеди.

«2009-жылы кызымдын жүрөгү ооруп, шашылыш түрдө Москвада операция жасатууга туура келди. Баарынан жардам сурап кайрылдым, атүгүл президентке чейин жеттим, бирок аягында Камчы Көлбаев гана жардам берди. Ал операция жана дарылануу үчүн 60 миң долларды толугу менен төлөп берген. Мен муну эч качан унутпайм», - деп эскерет белгилүү спорт чебери.

Канат Бегалиев белгилегендей, Камчы Көлбаев өзүнүн өлкөсү үчүн көп иш жасады жана бул жөнүндө эл жакшы билет.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖМКларда Камчы Көлбаев кикбокс боюнча дүйнө чемпиону Уланбек Касымбековго жардам берген, ага дарыгерлер бир жума берген, болбосо спортчу оң көзүнөн биротоло сокур болуп калышы мүмкүн деген маалымат тараган. Спортчу өзү эскергендей, коомчулук анын оорусу жөнүндө уккандан кийин Көлбаевдин өкүлдөрү машыктыруучуга телефон чалып, канча акча керек экендигин сурап, көп өтпөй акча беришкен.

Ошондой эле, Камчы Көлбаев дүйнөгө белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбековага да каржылык колдоо көрсөтүп жатканы дагы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости