www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы депутат Канат Исаев кыргыз элине абактан кайрылуу жасады. Ал өз кайрылуусунда өлкөдө саясий куугунтук күч алганын белгилеген.
"Урматтуу Кыргызстандыктар!
Бүгүн биздин өлкөдө болуп көрбөгөндөй саясий куугунтук күч алды. Кечээ күнү "Кемпир Абадды" коргоо комитетине кирсек, бүгүн баардыгын камап жатышат. Жерибиз үчүн камалуудан коркпойбуз. Жерибиз үчүн жаныбызды бергенге даярбыз.
Ак ийилет-бирок сынбайт. Элим, намысыңарга келгиле! Кемпир Абадды сактап калалы! Бул биздин ыйык милдет! Кайдыгер болсок урпактар кечирбейт, Кудай кечирбейт! Күч бирдикте!
Урматым менен, Канатбек Исаев", деп жазылат кайрылууда.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев 24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган.
Булак: NazarNews.kg