www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевге 5-6-октябрда болгон окуяларда КР мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков кыйын кырдаалда өзүн сабырдуу алып жүргөнүн NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди.

--“Мен октябрь айында болгон окуяларда Сооронбай Жээнбековдун жанында болдум. Ал ыймандуу, Кудайга ишенген, намаз окуган адам кыйынчылыкты сабырдуулук менен көтөрдү. Шариповичтин өзүн сабырдуу алып жүргөнүнө аябай баа бердим. Негизи эле адамдардын ким экенин башына кыйынчылык түшкөндө билесиң. Сооронбай Шариповичтин жанында жандап жүргөн адамдар ашып кетсе беш адам гана калды. Айрыкча президентке абдан кыйын. Бул мыйзамдуу көрүнүш. Менин дагы башымдан өткөн. Менин дагы башымдан кара булут айланганда жакын санаалаштарым алыстап кеткен. Ансызда иш жагынан кыйын болуп жатса, жакындарың тескери карап басып кеткени бул оор. Ал нерсени жакшы түшүнөм. Башында эле Сооронбай Шариповичке айткам, 120 депутаттын баардыгына ишене бербеңиз, кокус кыйын мезгил башыңызга келсе беш адам гана калат дегем. Айткандай эле болду. Себеп дегенде, Алмазбек Атамбаевдин, Өмүрбек Бабановдуку дагы ушундай болду. Саясатта туруктуулук аз. Эми Сооронбай Жээнбековду сатып кеткен адамдар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевди дагы сатып кетет” - деди Канат Исаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости