www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Өзбекстан Кыргызстандын жерин басып алды

“Өзбек тарап Кыргызстандын аймагына кирип, тосуп жатышат”, - деп жазган белгилүү журналист Күнболот Момоконов өзүнүн Facebook баракчасына.

“Бүтпөс чек ара чыры. "Өзбек тарап Кыргызстандын аймагына кирип тосуп, жатышат" дейт жашоочулар. Бийлик тараптан кандай реакция болуп жатат?

Жакында жардам беришти эле же жаагыбыз жап болобу?

Жакырлыгыбыз күн санап күчөп, итке сөөк ыргыткандай жардам беришип, бирок минтип билгизбей жерибизден керте берсе эмнебиз калат?

Ойлонолу, жакырлык акыры жардам алуудан дагы жалтак кыла турган болду. А биз кайдагы саясат, бийлик талашмай менен алекпиз. Азыр биз 30 жылда ойлонулбаган ойду, кылбаган ынтымакты, жасабаган реформаны кылып, ачылбаган коррупцияны ача турган учур болчу!

Мекен үчүн эмес, бийлик үчүн арыбызды, алыбызды карабаган, кадрды эмес кадырыбызды караган эл экенибизди көргөзүп жатабыз. Пиарщиктер менен жулунган "иттердин" эле заманы болуп калыпыр”, - дейт Момоконов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости