www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сентябрь айынан бери баш калаадагы жана Чүй облусундагы ири базарларда ВИЧ-СПИД, гепатиттин В,С түрү, сифилис ооруларына карата көчмө лаборраторияларда акысыз текшерүүлөр өткөрүлүп келген. Анын натыйжасында сегиз кишиден ВИЧ оорусу табылды.

Үч айдын ичинде 1,5 миңдей адам текшерүүдөн өткөнүн Республикалык «СПИД» борборунун директору Үмүткан Чокморова кабарлады.

Азыркы тапта Орус-Кыргыз кызматташтык фонду тарабынан Кыргызстанга берилген көчмө лаборатория орнотулган беш унаа жугуштуу ооруларга акысыз текшерүү жүргүзүүө.

2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда ВИЧ илдетин жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10219 кишиге жетти. Алардын 9647си Кыргызстандын жарандары, 572си чет өлкөлүк жарандар. Алардын арасынан ооруга кабылгандардын 2527си каза болгон.

Маалыматка ылайык, ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар түзөт.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости