www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Германиядан Бишкекке учуп келип, аба майдандан дароо эле Баткенге чек ара маселеси менен жеринен таанышуу үчүн жөнөп кеткен. Учурда ал чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө.
Бул арада камактагы мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаев социалдык баракчасына УКМКнын төрагасынын ишин сындабай, аны колдоо керектигин жазып чыкты.
--“Чек ара маселеси эң орчундуу маселе жана аны чечүү үчүн көп убакыт талап кылынаарын баардыгыбыз жакшы билебиз. Камчыбек Ташиев ден соолугуна карабай маселени көзөмөлдөп, жеринен чечкени аракет кылганы өтө жакшы көрүнүш. Коңшу мамлекеттердин башчыларынын алдында бөжөңдөбөй, башты бийик көтөрүп сүйлөшө билген гана жетекчи – ийгилик жарата алат! Четтен карап сындабай, Камчыбек Ташиевдин бул аракетин колдоп, жардам берүүбүз керек! Бийликтин күчү элде, элдин күчү ушундай чыгаандарда!”, – деп жазган Канат Сагымбаев.
Булак: NazarNews.kg