www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канат Жумагазиев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды, деп билдирет өлкө башчынын маалымат кызматы.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

“Конституциянын 71-беренесине ылайык, Жумагазиев Канат Сагынович президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Жаңы жетекчини аймактын активине Президенттин Администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Джунушалиев тааныштырды.

Канат Жумагазиев 2021-2022-жылдары — Ысык-Көл жана Нарын облустарынын ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.

Буга чейин президент Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырганы маалымадалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости