www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-октябрдагы парламенттин биргелешкен тармактык комитеттеринин жыйынында Жогорку Кеңештин Төрагасын шайлоо маселеси каралды. Жыйында "Кыргызстан" парламенттик фракциясы Төрагалык кызмат ордуна Исаев Канатбек Кедейкановичтин талапкерлиги жактырылды.
--Президентибизди колдоп, кыска мөөнөттө туруктуу мамлекетти түзөбүз. Парламент өткөн-кеткен окуялардан сабак алып, эмне себептен бул окуялар чыкканына карап, мыйзамдарды өзгөртүүгө жетишебиз. Бирдиктүү саясат жүргүзүп, баарыңарга адилет калыс мамиле кылам деп сөз берем. Башкысы мамлекетте туруктуулук орнотуубуз зарыл, - деди Канат Исаев.
Эске сала салсак, эл өкүлү Каныбек Иманалиев Канатбек Исаевдин талапкерлигин колдой турганын айтып, кесиптештерин бир добуштан шайлап берүүгө чакырды. КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов да ушул күндөрдө өлкө башынан оор учурларды өткөргөнүн белгилеп, саясий каатчылыктан ылдамыраак чыгуу үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу керектигине токтолду.
Булак: NazarNews.kg