www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык мамилелер жана дин иштери боюнча эксперт менен маек.

-- Украина менен Россиянын мамилеси Кыргызстанга терс таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

-- Учурда орус-украин көйгөйүнө байланышкан маселе дүйнөлүк деңгээлдеги өтө масштабдуу көйгөйгө айланып калды. “Бул чырчатактын аягы качан бүтөт? Кантип бүтөт?” деген маселе дагы дүйнө коомчулугунун, анын ичинде дүйнө лидерлеринин да көңүл чордонунда болууда. Президент Зеленскийдин кечээки билдирүүсүнө ылайык официалдуу Киев Кыргызстандан өз элчисин чакыртып алды.

Россияга АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрү түрдүү экономикалык санкцияларды киргизүүдө. Кыргызстандагы дүйнөлүк экономикалык системанын бөлүгү катары бул конфликттен дагы өзүнүн кандайдыр бир терс таасирин алат. Себеби, биздин экономикалык байланыштарыбыз, 700 миңге чукул мигранттарыбыз дагы Россиянын аймагында эмгектенүүдө.

Россияга киргизилген санкциялар бизге да терс таасирин тийгизет. Мындан тышкары, мигранттардан которулган акчалардын көлөмү дагы азаюусу күтүлүүдө. Анткени, орус рублинин куну да бүгүнкү күндө түшүп кетүү тенденциясына учуроодо. Россия менен тыгыз экономикалык байланышта болгондуктан, күйүүчү майга, азыктүлүккө болгон баалар дагы көтөрүлүшү мүмкүн.

-- Эмнеге Украина кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу бизге биринчи реакция кылды?

-- Зеленскийдин билдирүүсүнө токтолсок, официалдуу Киев Грузия менен Кыргызстандагы өз элчилерин чакырып алды. Бул биринчиден, официалдуу Бишкектин Украина маселесиндеги азырынча ачыкка чыкпаган кээ бир фактыларынын негизинде болду деп ойлойм.

Украина тараптан жасалган бул кадамдын натыйжасы кандай болорун жакынкы убактагы мамилелер көрсөтөт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости