www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кандай учурда сууну ачкарын ичүү керек?

Диетолог, гастроэнтеролог Нурия Дианованын сууну ачкарын кандай адамдар ичсе болорун түшүндүргөнүн РИА Новости жазды.

"Эртең менен тура калып эле бир стакан суу ичүү чындыгында ден соолукка пайдалуу адат. Ал организмди ойготуп, ашказан сааты менен иштеп, бул күнү адамдын маанайы дагы жакшы болот. Ошондой эле тери тазарып, микрофлора жакшырат", — деген адис.

Бирок адис эртең менен ичилген суунун температурасына көңүл буруу керектигин белгилеген.

"Ачкарын иче турган суу жылуу болсун. Айрыкча, ичи каткандар эртең менен муздак суу ичпегени оң. Ич ооруп жаткан учурда дагы жылуу суу ичкен жакшы", — деген диетолог.

Дианова эгер адамдын ашказаны оорубаса, ачкарын иче турчу сууга апельсин же лимон согун кошуп коюуну сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости