www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 21-октябрда Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги өз үйүндө канга боёлгон абалда табылган. Бүгүн анын каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Талас облусунун ички иштер башкармалыганан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-октябрда саат 16:00дө милицияга ооруканадан 1972-жылы туулган М.А. аттуу жаранга ок тийип, баш мээси жабыркагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
14-октябрдан бери милициянын подполковниги М.А. "өтө коркунучтуу 3-даражадагы гипертония оорусу" диагнозу менен эмгек өргүүсүндө экени аныкталган.
Саат 20:10до милиционер ооруканада каза болгону кабарланган.
Бул факты катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg