www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кант кызылчасын себүү жери алты миң гектарга кыскарган

Кыргызстанда кант кызылчасын себүү аянты бир жылда дээрлик алты миң гектарга кыскарып кеткен. Бул тууралуу 17-февралда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Өкмөт башчы элди негизги азык-түлүк менен камсыздоодо айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрүн себүү үчүн айдоо аянттарын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи:

«Өткөн жылы кант кызылчасын себүү аянты дээрлик алты миң гектарга азайган. Натыйжада кант өндүрүү да кыскарган. Мындан тышкары биз күнкарама жана жүгөрүнү өстүрүүнү да унутта калтырдык. Өзүбүз өстүрсөк, биз азыр импорттоп жаткан өсүмдүк майын өндүрүү көлөмүн жогорулата алабыз”.

Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баа соңку бир жылда дээрлик эки эседен ашуун жогорулады. Өсүмдүк майы 70 сомдун тегерегинде болсо, азыр 150дөн саткандар бар. Канттын баасы 40 сомдон дээрлик 80 сомго жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости