www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан Кант шаарындагы «Кант-Тазалык» муниципалдык ишканасына текшерүү жүргүзүлдү.

Маалыматка ылайык, пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын автотранспорттору каралып, атмосфералык абаны коргоо боюнча мыйзам талаптарын бузуу фактысы аныкталган.

Бул боюнча протокол түзүлүп, ишканага 46 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, шаар тургундарынын кайрылуусунун негизинде Октябрь революциясынын 50 жылдыгы көчөсүндөгү ташталган таштандылар боюнча жеринде көзөмөл жүргүзүлдү.

Аталган факт боюнча «Кант-Тазалык» ишканасына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык протокол түзүлүп, 17 миң сом айып пул салынды.

Учурда таштанды төгүлгөн аймакты тазалоо иштерин Кант шаардык мэриясына караштуу «Кант-Тазалык» ишканасы жүргүзүүдө.

Последние новости