www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен оор кылмыштарга шектүү жаран изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 5-июнда саат 01:40 чамасында Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен Балыкчы шаарынын тургуну 1994-жылы туулган С.К. изделүүдө. Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адамды уурдоо), 207-беренеси (Каракчылык), 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана  122-беренеси (Адам өлтүрүү)  менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 30-майда өткөн. Издөөдө жүргөн жаран Балыкчы шаарында туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон. 

Шектүү "ден соолугум жакшы болбой жатат" деп нөөмөт өтөп жаткан милициянын сержанты Ж.Т.дан жардам сураган. Милициянын сержанты кармоочу жайдын №2 камерасынын эшигин ачып, өзүнчө бөлмөгө алып киргенде С.К. жүрөгү ооруганын айтып дары-дармек берүүнү өтүнгөн. Милиционер дары алып келгенде шектүү анын мойнуна бычак такап, жерге жаткырып колуна темир кишен салып, бутун матрастын айрындысы менен байлап, оозуна чүпүрөк салып, убактылуу кармоочу жайдын ачкычын алып качып кеткен.

Окуя болгон жерди кароо учурунда, бычак, аттиш, матрастын айрындысы, темир кишен жана убактылуу кармоочу жайдын батыш тарабынан уюлдук телефон табылган.

Аталган окуя боюнча тийиштүү багыттамалар берилип, Мамлекеттик чек ара кызматына С.К. мамлекеттик чек араны өтүү аракетине бөгөт коюу максатында кароол баракчасы коюлган. Андан тышкары Чүй облусунун аймагында шектүүнү кармоо боюнча бир канча пландар киргизилип, ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат. 

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 368-берене (Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүүдө.

Милиция издөөдө жүргөн шектүү жаранды билген-көргөндөр болсо жакынкы арадагы милиция бөлүмүнө же "102" номуруна билдирип коюуну суранат.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости