www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда эки адамды өлтүрүүгө жана үй өрттөөгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

12-октябрда кечинде Кант шаарындагы Пионер көчөсүндөгү үйдө өрт чыккан. Үй 4 батирден турган. Алардын биринде 41 жаштагы жарандын (К.А.) сөөгү табылган.

Милициянын маалыматы боюнча, ошол күнү Х.Р. аттуу жаран өзүнүн тааныш аялынын (Е.И.) үйүнө барган. Ал жактан кызганычтан улам тааныш аялын жана бир эркекти (И.О.) сабап салган. Алар качып кеткен. Х.Р. батирде калып, бөлмөлөрдүн биринде мас абалда жаткан жаранга (К.А.) спирт чачып, аны өрттөп, кетип калган.

Ал эми ур-токмок жеген аял (Е.И.) менен эркек (И.О.) Канттагы ооруканага кайрылышкан. Аял киши ооруканага жаткырылган. Берки эркек (И.О.) бейтапканадан кетип калган. Кийинчерээк 15-октябрда анын сөөгү Канттагы Чекиров көчөсүнөн табылган.

16-октябрда «адам өлтүрүү» жана «бирөөнүн мүлкүн жок кылуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 34 жаштагы Х.Р. аттуу жаран кармалган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө уланууда.

Последние новости