www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Россияга болгон жумуш сапарынын алкагында Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде «Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери жана кыргыз-орус мамилелеринин учурдагы өнүгүүсү» темасында мейман лекция окуду.
Лекциянын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев аталган окуу жай анын кесиптик калыптанышында өзгөчө орун ээлерин белгилеп, дал ушул университетте экономикалык процесстерди, мамлекеттик башкаруунун ролун жана эл аралык кызматташуунун маанисин терең түшүнө баштаганын айтты.
Министрлер Кабинетинин башчысы профессордук-окутуучулук курам жана студенттер менен жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын азыркы абалы жана келечеги тууралуу кеңири маалымат берди.
Ал ошондой эле студенттерге кайрылып, бүгүн алган билим келечекте мамлекеттердин өнүгүүсүнө, экономиканын натыйжалуулугуна жана жарандардын бакубат жашоосуна таасир этүүчү чечимдерди кабыл алууга негиз болорун белгиледи.
Иш-чаранын алдында Адылбек Касымалиевге Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин Ардактуу доктору наамы ыйгарылып, ал университеттин жетекчилигине жана Окумуштуулар кеңешине көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев 1984-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.