www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги депутат Каныбек Иманалиевди кепке тартып, катачылыктан, сындан башы чыкпаган өкмөт тууралуу баарлаштык.

--Каныбек мырза, Казакстандын токтомун көчүрүп алды деген өкмөттүн мындан ары иштөөгө укугу барбы?

--Негизи Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Ыманкадыр Рысалиев Аппараттын жыйынында төрагалык кылганы аныкталган, бирок анда да Асымбековду кызматтан кетирип кутулган.  Бул бир. Экинчиси, аппарат башчысынын орун басары 50миң доллар коррупцияга шектелгенде  дагы кызматтан кетирип  кутулду. Үчүнчүсү, бүтүндөй кыргыз элин уят кылган факты боюнча гуглга шылтап отурат. Чынында аппаратта 5-7 киши котормочулуктун айлыгын алат. Оркойгон катачылыкты  уялбай гугулга шылтап жатышат.

Ачыгын айтканда, акыркы 10 жылда Атамбаев, Бабанов, Сатыбалдиев, Оторбаев, Сариев, Жээнбеков, Исаков премьер министр болуп иштеди. Бирок, бири да Өкмөттү Абылгазиев сыяктуу уят кылган эмес.

--Бул премьер ушундай катачылык кетирсе да, кызматтан кетирбей кимдер калкалап жатат?

--Эч ким калкалаган жок. Болгону, аны отставкага кетирүү үчүн парламентке саясий гана эрк  керек.

--Бул өкмөттү алмаштырсак ашуудан ат алмаштырганга барабар иш болуп калбайбы?

--Биз дайым эле ашууда жүрөбүз го...

--Өкмөттүн коронавирустун экинчи толкунуна даярбыз дегенине ишенсек дагы баштагыдай абалга кептелбейбизби?

--Негизи бул өкмөткө эч ким ишенбейт. Ошон үчүн коронавирустун экинчи толкунан даярбыз деген сөзүнө да  ишенүү мүмкүн эмес... Бул өкмөт канчалык отставкага эрте кетсе, ошончолук мамлекетке жакшылык кылган болоор эле.  Себеби, бул өкмөт шалаакылыктын үлгүсүн көрсөтүштү.

--Эгер июнь айындагы пенсия берилбей калса, пенсионерлердин абалы кандай болот?

--Пенсия менен жан баккан үй бүлөлөрдүн абалы оорлойт. Жардамга муктаждар көбөйөт. Ошон үчүн  аппаратты бажысына башкартып жаткан премьер-министрден  жакшылык күтүү  мүмкүн эмес деп айтып жатам да.

--Чындап эле бул өкмөт кете турган болсо, кийинки өкмөт башчы кандай критерийлер менен тандалышы керек?

--Эң негизгиси реформа кылууга  кудурети жеткен лидер болушу керек.

--6-7 айда жыйынтык берем деп премьер-министр болууну көздөп жаткандар убадасына турат деп ишенсек болобу?

--Убадасына турар, турбасын убакыт көрсөтөт...

--Коронавирустан каза болгон медиктин жоопкерчилиги кимде болуш керек?

--Апаат бүт дүйнөдө болду. Бирок, эң өкүнүчтүүсү  ар бир үчүнчү врач илдет жуктурган бизде гана болду. Ошон үчүн бул маселени дыкат  иликтөө керек.

--Баса, өзгөчө абалда иштеген милициялар кошумча каражаттан баш тартты десе эле акча төлөбөй коюш керекпи?

--Бул маселе мыйзам чегинде чечилиши керек. Тагыраагы, Эмгек кодекстинде жазылгандай болушу керек.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости