www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Тоодон мыкты Ала-Тоо гана болушу мүмкүн.

Бул фраза көпчүлүккө эбак эле сиңген: «Тоолордон мыкты тоолор гана болушу мүмкүн». Тактап айтсам, Ала-Тоодон мыкты Ала-Тоо гана болушу мүмкүн.

Эгерде адамдан тоолор сен үчүн эмне деп сурасаң, ар бири өзүнүн жообун ар башкача айтышат. Бирөөлөр үчүн тоолор – кезектеги жети миңдикке жетүү же жаңы каттамды багындыруу менен өзүнүн күчүн сыноо мүмкүндүгү.

Экинчилер үчүн тоолор – бул туристтик жүрүш жана гитара менен оттун жанындагы кеч. Үчүнчүлөр үчүн – кереметтүү табиятты сүйүү. Төртүнчүлөр үчүн – цивилизациядан, гаджеттерден алыстап, алгачкы турмушка кайтып келүү, бул өзү менен өзү болуу, гармонияга умтулуу.

Тоолор – бул эркиндик, өзүңдүн күчүңдү жана эркиңди сыноо. Ошондуктан биз эркиндикти сүйгөн элбиз, биз тандагандардын бийликти узурпациялоосуна, жалган айтууларына жана саткындыктарына ылайык келбеген Кыргызстандын эркин элибиз.

Биз кереметтүү тоолуу өлкөдө жашайбыз. Кыргызстандын 90% аймагы – булар тоолор, 2 миң тоолуу көл жана 40 миңдеген тоолуу өзөндөр, жаңгак токойлору жана шаркыратмалар. Сулайман-Тоо тоосу, чоңдугу боюнча дүйнөдөгү экинчи орунда турган – биздин Ысык-Көл, планетадагы эң сейрек кездешкен гүлдөрдүн бири – Айгүл.

Биздин тоолуу өлкөнүн байлыгын санаганга убакыт көп керектелет. Биз тоолорго болгон сүйүүнү эненин сүтү аркылуу алабыз, келечек муунга балдарыбызга жана неберелерибизге өткөрүп беребиз. Биздин милдетибиз тоолордун бүтүндүгүн жана биоартүрдүүлүктүн уникалдуулугун сактоо.

Дал ушул биоартүрдүүлүк 2020-жылы дүйнө жүзү 11-декабрда белгилеп келген Эл аралык тоолор күнүнүн темасы болуп калды. Ушул күнү биз тоолорго, өзүбүздүн булактарыбызга, өзүбүздүн руханий жана маданий мурастарыбызга карата кылдат мамилелердин мааниси жөнүндө сөз кылабыз.

Тоолорду жөн гана сүйүү эмес, ага сый-урмат көрсөтүү керек. Анткени тоолор менен жаралган доор дайыма кайтып келет. Биз тоолорго эмнени берсек, кайра ошону алабыз.

Каныбек Иманалиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости