www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмаз Атамбаев кантип бийликке келип калды? Албетте, биринчи иретте, иштегенди билген адамдарга каршы демагогдордун жана интригандардын бийлик үчүн биригүүсү болду, бирок, кан төккөн куралдуу көтөрүлүштүн эң чечүүчү фактору - тышкы күчтөр тараптан жасалган көп тараптуу колдоо болуп калды. Убактылуу өкмөт дал ушул кыртыштан өнүп чыкты, баары экономика маселелеринен, саясий карама-каршылыктан же кандайдыр бир принципиалдуу келишпестиктерден жана талаш-тартыштардан эмес, дал ушундан келип чыкты. Мен шарттуу түрдө бардык адамдарды бүлүнткүчтөр жана жаратмандар деп атап, өз өмүрүндө курулуш, жер айдоо, эгин эгүү, кийим тигүү, токуучулук сыяктуу иштер менен алектенип, материалдык байлыктарды жараткандарга жана да тегерегинде дайыма чыр-чатактар чыгып, көп чуу болуп, куру убадалардан башка да, өз оппоненттеринен дарегине опуза айтуудан башканы билбегендер катары бөлүп караймын.

Алардын артында алдамчы куру сөздөрдөн жана өзүн өзү пиар кылуудан башка эч нерсе калбайт, Өзүмдүн Беларуста берген биринчи маектеримдин биринде эле мен элди алдап, кан төккөн куралдуу мамлекеттик көтөрүлүш аркылуу Кыргызстанда бийликке келгендер менин өлкөмдө жакшы эч нерсе жасай алышпайт деп айткан элем. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өздөрү убада беришкен нерселердин ичинен эмнени аткара алышкандыгы тууралуу азыркы кезде ар бир адам өзү жыйынтык чыгара алат. Менимче, жашоо алда канча оордоп, эми ал туруксуз жана алдын ала айтууга мүмкүн болбой калган абалга жетти. Башкача болушу да мүмкүн эмес болчу, себеби, бул компания жаратмандар эмес, толугу менен бардыгы тең жалаң гана бүлүнткүчтөрдөн куралган. Муну түшүнүү үчүн беш жыл коротконубуз аянычтуу. Мен болсо муну мурдатан эле билип, айтып да келгенмин. Балким, алгач мен деле Кыргызстандын бүт эли сыяктуу, качандыр бир кезде учур келет, анан алар дагы өлкө кызыкчылыгын коргоп, өлкө кызыкчылыгы үчүн, иштей башташат деп үмүттөнүп жүргөндүрмүн. Эми болсо баары үчүн айкын болду, ал үмүттөр акталган жок.                  

Менин көз карашымда, бүлүнткүчтөр «тукумунан» чыккандардын эн эле белгилүү, таанымалдары, мен мурда айтып өткөндөй Ө.Текебаев. Мына, дээрлик чейрек кылымдан бери ал депутат, дээрлик чейрек кылымдан бери ал оппозиционер. Текебаев жеке жоопкерчиликти талап кылгаы кичинекей иштен дагы коркуп, эң сонку жыйынтыкты талап кылуучу бардык иштерден качып турат. Аны бардык жерде, дайыма чыр-чатактар коштоп, өзүн өзү пиар кылуу, алдамчы сөздөр коштоп жүрөт, - бул эми сыртынан гана көрүнүп тургандары.

Роза Отунбаева - бүлүнткүчөрдүн ичиндеги аялдан чыккан өзгөчө бир түрү. Аял менин түшүнүгүмдө дайыма жаратмандык, сүйүү, акылмандык менен ассоциацияланып келген. Бирок, дал ушул Отунбаева мен үчүн ушак-айыңдарга, чыр-чатактарга байланыштуу бардык терс сапаттар жыйылган, адамдагы эң эле жаман сапат - сатып кетүүчүлүктүн үлгүсү катары туюлат.

Сөз бир гана мени сатып кеткендиги жөнүндө болуп жаткан жок. Бул айым үчүн эч кандай моралдык тоскоолдуктар жок. Эгерде олуттуу колдоосу жок болсо, эч качан жете албай турган ушундай бийиктикке чейин өзүн көтөрүп, чыккандардын баарын ал оңой эле сатып кетти: Акаевди, Айтматовду, Э. Шеварднадзе жана алардын катарында мени дагы.

Анан дагы, албетте, бүлүнткүчтөрдүн эң эл чыгаан үлгүсү Атамбаев болуп эсептелет. Мен айрым адамдар аны бизнесмен деп аташканына таң каламын. Мага белгилүү болгонуна караганда, анын бардык болгон бизнеси Кыргызстан жазуучулар Союзунун акчасына анын «Кыргызавтомаштын» бир нече заводун сатып алып, анын көпчүлүк бөлүгүн демонтаж кылып, Кытайга жөнөтүп, түшкөн акчасын Турцияга инвестиция жасаганынан турат. Мен аны өнөр жай министри кылып дайындаган элем, ал иштей албай койгон, чарчап-чаалыккан соң, митинг жасаганы кетип калган, кайра келип, оппозиция менен жана бийлик ортосунда «көпүрө» болуп берейин деди. Мен аны премьер кылып дайындадым иштей алган жок, дагы чарчап калды, кетип калды, митингдерге чыгып жүрдү. Эч ойлонулбаган, айгайлаган, куру кыйкырыктуу билдирүүлөрдү жасаганды жакшы көргөн, бирок айтылган сөзү үчүн жоопкерчиликти өзү сейрек учурларда гана соо болгон кезинде да сезбеген неме. Булар мамлекеттик төңкөрүштүн башында турушкан Убактылуу өкмөттүн бар болгону бир нече персонасы, алардын ар бирине кыскача мүнөздөмөнү биздин зл гана бере алат. Алдыда келе жаткан шайлоолордун алдында муну түшүнүү билүү абдан маанилүү, анткени, Кыргызстандын эли каалайбы, каалабайбы, баары бир бүт өлкөнүн келечек тагдырына байланышкан тандоо жасашы керек болуп турат.

Мен үчүн саясатчы катары, мамлекет башчысы катары биздин өлкөнүн те-ирдей бекемдигин сактоо, Түндүк менен Түштүктүн бир бүтүн нерсе катары турушун камсыз кылуу эн башкы милдет болчу. Биздин көпчүлүк жарандарыбыз, анын ичинде, ушул китептин окурмандары да, эч кандай бийлик адам канына татыбай тургандыгын терен түшүнүп турушат, ошондуктан, кыргыздар эч качан «Түштүк-Түндүккө» бөлүнбөшү керек. Атамбаевдин келиши - бул мен үчүн гана болгон жаза эмес, бүткүл кыргыз элине болгон жаза болуп калды. Мен ушул жазадан кыргыз эли кандай чыгат экен деп көп ойлонуп, абдан кайгыга батамын. Дал ошондуктан улам, ушул китепти жазууну чечтим. Тарыхтан сабак алуу керек да, алдыга жаштарды чыгаруу керек, мейли, алар чоң саясатта тажрыйбасыз болушса да. Жаш, жаңыча ой жүгүрткөн, билимдүү, патриот адамдар өлкөнү өз ара каршылашкан региондорго бөлбөйт.

Азыр Кыргызстанда биз өз учурунда жана туура чечим кабыл алганыбызга эч ким шектенбейт болушу керек. Мына, эми Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрү ошол кадамдарга барууга аргасыз болушту да, электр энергиясына болгон бааны менин учурумдагыдан дагы кымбат баага көтөрүп салышты.

Дегеле, биз баарыбыз тең ойлонбой тез жыйынтык чыгара салуудан жана бири-бирибизди айыптоодон качышыбыз керек. Китебимдин аягында мен сиздердин көңүлүңүздөрдү оппозиция лидерлеринин менин дарегиме айтышкан негизги айыптоолоруна дагы бир ирет бургум келет.

Маалымат мурдагы президент Курманбек Бакиевдин «Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм – Кыргызстаным» китебинен алынды.

Эске сала кетсек, учурда кайрадан элди экиге бөлүп, айылдык кыргыздарды «мырктар» деген Роза Отунбаева мамлекетти дүрбөлөңгө салууда. Отунбаева баштаган топ 80 баланын өлүмү менен бийликке келди, бирок мамлекет үчүн кыпындай пайда жарата алган жок. Тилекке каршы мамлекет 10 жылдан бери ажааткана салганга жараган жок.

Баса, Роза Отунбаева өсүп келе жаткан жаштарды көрө албаган сапаты бар. Алсак буга чейин өзүнүн баласынан дагы кичүү Максим Бакиевге бут тосуп келсе, азыр Райымбек Матраимовдун футболдук талаасына кирип, «дарбазачы» болуп алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости