www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- БУУ келерки жылы дүйнөдө азык-түлүк коопсуздугу жана ачкачылык болору тууралуу кабарлады. Кыргызстан үчүн бул кырдаал канчалык деңгээлде коркунучтуу?
- БУУнун берген отчету чындыгында кооптуу. Технология өнүгүп аткан учурда өтө байлар менен өтө кедейлер ортосундагы айырмачылык чоң. Биздин өлкөдө деле ачка отургандар бар. Бирок, Африка мамлекеттериндегидей масштабдуу эмес.
БУУнун маалыматына ылайык, массалык ачкачылыктан өлүү коркунучунда тургандардын саны 90 миллиондон 135 миллионго жетиптир. Кыргызстанга токтолсок, бизде экономика экиге бөлүнөт. Биринчиси, өкмөттүн берген маалыматы, экинчиси, көмүскө экономика. Бул баардык тармакка тийешелүү. Азыр экономиканын 5%га түшкөнү айтылууда.
Бул жерде көмүскө экономика эсепке алынган жок да. Ошон үчүн мындан да төмөн кеткенин айта алам. Ага жумушсуз калгандар, токтоп калган бизнестер кепил. Буга карантин, экономиканын глобалдык түшүүсү да өз таасирин берди. Биз инерция менен, башкача айтканда, бөлөк өлкөлөргө карап өсөбүз. Экономикабыз ошого байланган. Кыргызстандын үч чоң экономикалык мотору бар.
1) Мигранттар. Алардын көбү Россияда. Эгер Россия экономикалык жактан күчтүү болсо, оң таасири мигранттар аркылуу бизге да тийет.
2) Соодасатык. Реэкспортто 4 млрд. доллардын тегерегиндеги акча айланат. Бюджеттин көп бөлүгү импорттук товарлардан түшкөн салыктын эсебинен жабылат. Тилекке каршы, азыр соода алмашуу процесстери да азайды.
3) Туризм. Жылына 1 миллионго чамалаш турист келип турган дешсе, эми ал дагы жок. БУУнун ачкачылык деп айтканы – түшүмдөн кур калуу дегендик эмес. Бул жерде пандемияга байланыштуу көп тармактын токтоп калышынын себептери жөнүндө сөз болууда. Башкача айтканда, адамдарда күнүмдүк керектөөсүн сатып алууга акча жетишсиз болот.
Ага кошумча азык-түлүккө болгон баа өстү. Себеби, алардын дээрлик көбү импорттолот да. Алар доллар менен сатылып алынат. Кризис учурунда кирешенин көбү тамак-аш менен ден соолукка чыгымдалат. Ошондой эле саясый толкундоолордун айынан инвестиция сыртка чыгып кетти.
Тезинен саясый туруктуулук орноп, ишкерлик жанданбаса, экономика түшүп, валюта сыртка ага берсе, доллар мындан да кымбаттап, товарларга болгон баа өсө берет.
- Өкмөт жана эл анын алдын алуу үчүн кандай чараларды көрүшү зарыл?
- Бул жерде комплекстүү чаралар бар. Менимче, өкмөт эң биринчи ишти экономикалык реформалардан башташ керек. Азыр баарыбыз Конституцияны өзгөртүү менен алекпиз. Ал реформалар буга чейин деле жасалып келген.
Андан жашоо-турмуш жакшырып кеткен эмес. Башмыйзам миң өзгөрүп, башкаруу системасы жүз алмашса деле, адамдардын колунда киреше жана иш болбосо кайдагы жыргал жашоо болмок эле? Саясый толкундоолор токтомоюн инвестиция келбейт. Эл аралык аброюбуз түшө берет.
Эгер экономикада өзгөрүү менен өсүш болсо, саясый толкундоолор өзүнөн-өзү жоголот. Баалардын өсүшүн токтотуу зарыл. Долларга шылтоолоп бааны көзөмөлгө албай коюу болбойт. Өзүбүздөн өндүрө турган заттар көп. Ошолорду кайра жандандыруу керек. Калктын аярлуу катмарын камсыздай турган мамлекеттик материалдык резерв бар. Ал толукталышы шарт.
Зарылчылык кезинде рыноктук баадан төмөн сатыкка чыгаруу абзел. Эл аралык уюмдарга гумжардам боюнча кайрылуу керек. Рынок бааны өзү жөнгө салат дебей, мамлекет көзөмөлдөй турган кез келди. Доллардын өсүшүн сыртка валюта чыгуусун токтотуу аркылуу кармаш керек. Биздин экономикада доллар ашыкча колдонулуп жатат. Бир эле реэкспортто эмес, ички соодалашуу дагы доллар менен гана жүрүп калды. Аны жокко чыгарса, долларга болгон талап дагы азаймак. Ал эми элдин чөнтөгүндөгү долларлар банкка келип, анын резервин көбөйтөт эле.
Пандемиянын кесепетин жоюуда Түркия стандарттык эмес чечимдерге барды. Мисалы, бир ишканада 50 адам иштесе, карантинде анын 20сы ишсиз калуу коркунучунда болчу. Бирок, мамлекет ал ишкананы салыктан бошотуп, иш орундарын кармап турууга шарт түзүп койду.
- Ошол кризис маалында гуманитардык жана башка жардамдарды күтүүгө болобу? Болсо кайсы тараптан?
- Гуманитардык жардамдарды күтсө болот. Бирок, аны алуу үчүн тез арада туруктуу өкмөт иштеп, тийешелүү тараптарга кайрылышы керек. БУУдан сырткары, стратегиялык өнөктөш мамлекеттер менен кызматташууну жөндөйлү. Бирок, жардам алуу менен экономика өспөйт.
Ошондуктан экономикалык карым-катнаш маселелерин жолго салуу маанилүү. Кирешени арттыруу менен гана көп көйгөйлөр чечилет. Кыргызстанды экономикалык кризистен алып чыгып кете турган бизнестин мамлекеттик чоң фонду түзүлүшү керек. Анда кичи, орто, чоң бизнестин өкүлдөрү менен мамлекет биригип иш алып баруусу зарыл.
- Жөнөкөй жарандарга үй-бүлө бюджетин туура пайдалануу жөнүндө кандай кеңеш бересиз?
- Үй-бүлөлүк бюджетти кыргызстандыктар туура эмес кабыл алабыз. Кирешенин көбүн той-аш, кошумчага кетиребиз.
Кээ бирлер «ошону менен экономика айланып атпайбы» дешет. Бирок, бул туруктуу өнүгүүнүн жолу эмес. Ошол эле акча сапаттуу билим берүүгө кетсе, сапаттуу эс алууга, сапаттуу тамак-ашка коротулса, анда ишкерлердин да продукциясына талап жогоруламак. Эл сарамжалдуу болуп, сапатка басым жасаш керек. Covid токтосо, дароо өсүп-өнүгүп кетебиз деш туура эмес. Баарына даяр болуу абзел.
Булак: "Азия News" гезити