www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы табигый балды өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген үч ата мекендик ишкананын Европа Биримдигинин TRACES (Trade Control and Expert System) системасына киргизилгенин маалымдайт.
Бул жетишкендик улуттук ветеринардык көзөмөл тутумун Европа Биримдигинин талаптарына шайкеш келтирүү багытында жүргүзүлгөн ырааттуу иштердин натыйжасы болуп саналат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын балын Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге экспорттоого расмий мүмкүнчүлүк ачылып, өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө өбөлгө түздү.
TRACES системасына киргизүү жаныбарлардан алынган продукцияны Европа Биримдигинин рыногуна экспорттоону уюштуруудагы маанилүү этап болуп эсептелет. Бул система продукциянын келип чыгышын жана кыймылын көзөмөлдөөнү, ветеринардык документтердин туура таризделишин, ошондой эле Европа Биримдигинин ветеринардык жана санитардык талаптарынын аткарылышын камсыздайт.
Кыргыз балы үчүн Европа рыногунун ачылышы ата мекендик өндүрүүчүлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, балчылык тармагын өнүктүрүүгө, экспорттук потенциалды жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын экологиялык таза, табигый продукцияларын эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө болот.
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы мындан ары да ата мекендик өндүрүүчүлөрдү эл аралык рынокторго чыгарууну колдоону жана продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иштерди улантат.