www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирина Карамушкина Атамбаев менен жолукту

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина №47 колонияда жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге барып жолугуп келди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Атамбаев ага алма, мандарин, апельсин берген.

«Ал мага жемиштерди берип жатып «Баары жакшы болот, эң башкысы ден-соолукту, кадимки адамдык мамилелерди жана сезимдерди сактоо! Кудай биз менен!» деди!»  – деп жазган депутат.

Ошондой эле Карамушкинанын билдирүүсүнөн белгилүү болгондой, 11-декабрга карата Атамбаев 47-колонияда отурат.

Эске салсак, буга чейин Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев 7-декабрда Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков Атамбаевди №47 колониядан УКМКнын тергөө абагына которуу жөнүндө чечим чыгаргандыгын  билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости