www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн мамлекеттик комиссия жеринде барып өндүрүштү көрүп келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Комиссиянын мүчөсү, парламент депутаты Каныбек Иманалиев калдык сактоочу жайдагы 106 тоннадай алтынды кайра иштетүү керектигин айтып, жаңы тендер өткөрүү мүмкүн экенин билдирди.
«Мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен алтын өндүрүшүнүн жаңы формуласын иштеп чыгышыбыз керек», – деди эл өкүлү.
Ал эми депутат Рыскелди Момбеков кен казуу аймагындагы мөңгүлөргө аяр мамиле жасоо маселесин көтөрдү. Анын айтымында, ал жердеги 5 мөңгүнүн экөө гана толугу менен таза турат. Жеринде барган комиссиянын айрым мүчөлөрү ар кандай багыттагы өз сунуштарын айтышты.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматында, эл өкүлөрү Кумтөр алтын кенине 18-мартта барышкан.
Эске салсак, буга чейин алтын казып алуу маалында 20 пайызга жакын алтын - калдык сактоочу жайга топтолоору айтылган. 2019-жылы «Кумтөр Голд» компаниясынын өндүрүштүк директору Болот Идрисов калдык сактоочу жайда 100 тоннадай алтын бар экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg