www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кыргызстандын Ооганстанга 500дөй студенттик виза берүү демилгесин колдойм", - деди бүгүн, 17-августта NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, бийликти толук колуна алган талибдер мындан ары экономикасын көтөрүү, ички маселесин чечүү менен алек болобу же Борбор Азияда таасирин күчөтүүнүн аракетин көрөбү?
- Бул маселе талибдерден эле көз каранды болуп токтоп калбайт. Талибдердин эң акыркы демилгелери мени абдан таң калтырып жатат. Мисалы, алар атайын жарлык жарыялашты. Ага ылайык кан кууп кек алуу, наркотиктерди өндүрүү, сатуу жана ортомчу болуу, девианттык салтты орнотуу, ж.б. орто кылымдан келген жаман кылмышкерлер үчүн өлүм жазасын киргизишти! Ал турсун пайыз менен бериле турган ссуданы токтотушуп, жарандардын мурдагы карыздарынын баарын кечип жиберишти. Анан албетте, баардык соттор - Шариаттын мыйзамы болоорун аныкташты. Эми мунун баарын так аткарып, өзүнүн мекенин сактап калышса жакшы болот.
Бирок, аларга азыр ким ишенет? Талибдердин эң ишенимдүү делинген террористтик уюмдары кайда барат? Алар Борбор Азияга көз артпайт деп ким кепил бере алат? Ошондуктан, бул биз үчүн өтө маанилүү суроолор ачык бойдон калууда. Борбор Азиянын авторитардык режимдери дагы өз элине биротоло жаман көрүнүп калганын дагы унутпайлы! Моджахеддик маанай Ооганстанда эле эмес Борбор Азия өлкөлөрүндө дагы күчөп турганы айныгыс факт. Биз муну жөн эле "Кудай сактасын" же "Оозуңа таш" деген сыяктуу сооротмо жана саткын түшүнүктөр менен жаап коё албайбыз. Башка маселе, коңшуларыбыз менен бирдиктүү саясатты жүргүзө алабызбы! Кеп ошондо. Мисалы, кечээки эле тажик бийлигинин бизге болгон фашисттик агрессиясын кантип эске албай коё алабыз? Бул жерде Кыргызстан өзү катуу тартип менен куралдуу күчтөрүн бекемдеши абзел! Башка жол жок!
- Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза бергенге даяр. Ошондой эле, расмий Бишкек 1200 качкынды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Аны уккандар алар менен кошо террористтер келип албайбы деп кооптонуп жатышат... Бул демилгени колдоого алсак болобу?
- Мен бул демилгени колдойм. Бирок, ал студенттик виза Ооганстанда жашаган биздин бир боорлорубуз - кыргыз жаштарына гана берилиши керек. Башка ой дагы болбосун. Мындай чара ошол кыргыздарды көчүрүп келип ала турган эң сонун мүмкүнчүлүк деп кабыл алуубуз керек. Анан ошол шылтоо менен Кыргызстанга көрүнгөн террорист кирип кете турган болсо - бул биздин тынчтыкты сүйгөн, айкөл элибиз үчүн орду толгус чоң трагедия болот. Бизде дагы деле саткын чек-арачылар менен соттор толтура экендигин унутпайлы! Азыр Пакистан аркылуу оогандыктар учуп келе башташты деп жатышат. Чын болсо бизде фильтрациялык чаралар уюшулганбы же дагы деле ойду-тоону сүйлөп отурушабы? Кеп так мына ошондо! Этият бололу, жакшылар!
Булак: NazarNews.kg