www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Казакстандагы кош бийлик Токаевдин жеңиши менен бүттү, бирок геосаясат оюндары эми гана башталды», - деди бүгүн, 13-январда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Казакстанда кош бийлик аяктадыбы? Же күрөш уланабы?

- Кош бийлик деген түшүнүктү Назарбаев менен Токаевге карата колдонсок, ооба ал аяктап, Токаевдин жеңиши менен бүттү.

Бирок, али эч нерсе белгисиз. Геосаясат оюндары эми гана башталат окшойт. Мисалы, Элбашынын акча жана адам ресурстары дагы деле күчүндө.

Алар башка тактикалык амалдарга өтө башташты. Анан калса Казакстандын аймактык бүтүндүгүнө доо кетире турган себептер пайда болууда.

Мисалы, анын түндүк облустарынын орус тилдүү жашоочуларынын сепараттык аракеттеринин акыркы учурдагы жанданышы, диний фанатизмдин күчөшү, жана башка жагымсыз көрүнүштөр.

Анын үстүнө карапайым казак калкы дагы өтө эле дүүлүгүп алды. Алар эркиндиктин даамын татышты.

Демократиянын чыныгы баалуулуктарын сезгендей болуп жатышат. Эми аларды таңктар мене кайрадан туңгуюк менен караңгылыкка эч ким киргизип коё албайт.

Элге кайраттуураак лидер гана жетпей турат. Эгерде андай инсан пайда болсо, Казакстандын бүгүнкү коррупциялашкан төбөлдөрү тез эле жок кылынат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости