www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мафиянын «врач-аптека» дегени биринчиси рецепт жазат, экинчиси сатат, алардын үстүнөн «жүндүү колдор» көзөмөлдөп турат», - деди бүгүн, 29-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, дары-дармектерди арзандатуу үчүн фарм компаниянын жетекчисин камоо жетиштүүбү?
- Жок! Мындай чара эч кандай натыйжа бербейт. Өздөрүн эле алаксытышып, элдин көкшүнүн суутунун аракети. Кичинекей «чабактар» эле кармалууда. Кыйын болушса ири «акулаларды» кармап көрүшсүнчү. Анте алышпайт.
Анткени, фармамафия - азыр трансулуттук мүнөзгө ээ болуп, каалаган бийликти, алардын структуралары менен кошо күм-жам кылып коюга кудуруттери жетет! Өзүңөр ойлоп көргүлөчү.
Акыркы 15 жылда фармамафия болуп көрбөгөндөй кутуруп кетти. Элдин гана шору болуп жатат. Былтыркы коронавирус апааты эмне эсиңерден чыгып калдыбы? Ошол кездеги бийликтин кылыгы - бул чоң кылмыш. Убагындагы фашисттерден дагы ашып түшүшкөн.
Баарыбыздын эле башыбыздан өтпөдү беле? Кээ бир дарыларды 50-100 эсе ашык баа менен алганбыз. Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо Уюму баш болгон чет элден келген каржыларды көз көрүнө эле жеп кетишти эле го?
Ошондуктан, фарм продукциялары өкмөттүн колунда болушу керек. Ал турсун мамлекеттик монополияны киргизүү зарыл болуп турат. Антпесек мафиянын жаңы түрү пайда болгон. Ал «врач-аптека»! Биринчиси рецепт жазат, экинчиси ошол рецеп боюнча дары-дармек сатат.
Алардын үстүнөн дагы «жүндүү колдор» көзөмөлдөп турат. Ушундай арам жол менен табылган акчаларды өз ара бөлүштүрүп алышат. Ал эми ошол дары-дармектердин сапаттарын айтпай эле коёюн. Аны текшерген эч ким жок. Уруксат дагы беришпейт.
Натыйжада кыргыз генофонду коркунучта калды! Акыркы жолу көрүлгөн жарымжан чаралар дары-дармектердин баасына таасир бере албайт. Тескерисинче, бийликке өчөшкөн мафия бааны кымбаттатып коюшу толук мүмкүн!
- Фарм мафияны тизгиндеш үчүн эмне кылыш керек?
- Бир гана чара эффективдүү иштей алат. Ал бардык дары-дармектерди мамлекет өзүнүн монополиясына алуусу керек! Албетте, чоң саясый эрдик талап кылынат. Бирок, башка жолду көрбөй турам.
Биротоло эле ээн баш болуп кетишти! Карапайым эл дарыларды алууга каражаттары жетпей калды. Мындай аблды улутка болгон геноцид катары эле баалашыбыз керек!
Булак: NazarNews.kg