www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев кызматтан кетүү арызын кечээ, 13-июлда жазды. Бул тууралуу айрым маалымат булактарына билдирди. 

Мындан тышкары Осмоналиев сиздер аркылуу Садыр Жапаровго кайрылуу жасайм деп төмөнкүлөрдү айтты: 

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, мен сиз үчүн акылымды, билимимди берип жүргөн кишимин. Кийинки учурларда бийликти Сүйүн Касмамбетовго окшогон адамдарга тарттырып жибердиңиз. Алар сизди түптүз эле элге жаманатты кылып жатат. Мен кечээ арызымды жаздым, анысы аз келгенсип жакшы иштеп жаткан бир тууган инимди Ош облустук губернатору кызматынан кетирдиңер. Андан эки саат өтпөй уулум жумуштан кетти. Бүгүн, 14-июлда 35 жылдан бери иштеп жаткан жубайымды дагы жумуштан кет деп келишиптир.

Азыр мага катуу басым болуп жатат. Facebook баракчам дагы өчүрүлдү".

Каныбек Осмоналиевдин "бир тууган инимди Ош облустук губернатор кызматынан кетирди" деп айтканы боюнча министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылдык. Министрлер кабинетинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов кызматтан кетпегенин маалымат кызматынан билдиришти.

Президенттик администрациянын маалымат кызматына чалып, Осмоналиевдин "басым болуп жатат" дегени боюнча сураганыбызда комментарий берген жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости