www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мугалимдин кадыр-баркын эң төмөнкү деңгээлге түшүрдүк», - деди бүгүн, 27-январда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, сөккөн окуучуну жулкулдаткан мугалим кызматтан өз эрки менен кетиптир. Тарбиясыз баланын запкысын, билимдүү мугалим тартып калган жокпу?

- Ошол Лебединовка орто мектебиндеги абал азыр бүт республика боюнча эле орун алып калды. Министрликтин муну менен бир тыйынчалык дагы иши жок. Бардык эси-дарты коммерциализация менен байланып калган.

Биздин окуу системабызды караң калгыр акча талкалап, түбүнө жетмей болду. Мектеп билим берүү процессинин эки негизги субъектиси - бул окуучу менен мугалим эле болуш керек. Бизде тескерисинче болуп жатат.

Мугалимдин кадыр-баркын эң төмөнкү деңгээлге түшүрүштү. Аны окуучудан баштап, завуч, директор, айыл өкмөтү, министрликтин коньюнктурщик кызматкерлери бардыгы кордошот.

Өзүлөрү ошол мугалим бар болгону үчүн гана айлык алып жашап жүргөндүктөрүн билгиси келишпейт. Ата-эне болсо тарбия берүү процессинен эчак эле оолактап алган. Баласын мектепке түртө салып, өзү көр оокат менен алек.

Бул - социалдык проблема. Аны мамлекет өзү чечиш керек. Бирок, мамлекет формалдуу түрдө гана көңүл буруп, мисалы, болоор-болбос маяна берип коюп, анан байкуш мугалимди өзүнүн саясий кызыкчылыктарына аёосуз колдонуп келет.

Иши кылса, өкмөт айлык беримиш болот, мугалим ошол жарыбаган акчага сабак өтүмүш болот. Натыйжада, окуучу кароосуз калып, анан анын эң чоң душманы мугалим болуп чыга келет. Ага орой тиет, керек болсо, кемсинтет, сөгөт.

Мугалим бирдеме десе ата-эне жулунуп келет. Натыйжада, билимдүү педагогдор системадан көңүлү кайт болуп кетип жатышат. Бул – жалпы улуттук катастрофа! Нормалдуу коомдо бул өтө чоң кылмыш болуп саналат.

Тилекке каршы, бизде андай болбой калды. Тезинен мамлекеттик деңгээлде катуу оңдоо иштерин баштабасак болбой калды! Эртең кеч болуп калат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости