www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- “Президент Садыр Жапаровго кандай кеп-кеңештериңиз, сунуштарыңыз бар? Жаңырган жылда мамлекетибиз ири ийгиликтерди багындыра алабы? Элдин жашоосун кантип оңдосок болот?”

-- Учурдан пайдаланып, баардык кыргызстандыктарды 2022-жаңы жыл менен куттуктайм! Президент Садыр Жапаровго кеңешим, албетте, бар. Эң алды сабатсыз, жалкоо, өзүн гана ойлогон, бирок ал "сапаттарын" өтө митайымдык менен жаап-жашыра билген чиновниктерден тез арылса.

Бул жылы күнү-түнү экономиканы көтөрүү менен алек болсо. Инвестицияны тартуу ишин колго алса. Анан, албетте, билим берүү тармагына көңүлүн бурса.

Бул тармак толугу менен талкаланды. Ал жерде жооптуу кызматтарды көбүнчө жалаң гана бүлүндүргүч паракорлор ээлеп алышкан. Кыргыздын келечеги жок болгону турат!

Эң акырында айтарым, улуттук идеологияны жолго салуу иштерин күчөтсө. Эл болуп багытыбызды аныктай албай келебиз!

Булак: Азия News гезити

Последние новости