www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президенттин айланасындагы шүдүңгүттөрдүн жана акча жасаганга шылуун партлидерлердин бетин ачып, шайлоону таза өткөрөлү», - деди бүгүн, 25-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, бийликтин таза шайлоо өткөрөм деген аракети, УКМКнын таза шайлоо өткөрүүгө катуу киришкени оң жыйынтык береби?

- Расмий бийлик бул жолку шайлоону таза өткөрүүгө бел байлап киришкендей эле туюлуп жатат, мага. Шайлоо кодексине жаңы беренелер кирди. Жакшы талаптар коюлду.

Мисалы, преференциалдык ыкма менен добуш берүү мага жагып турат. Эми аны адаттарынча бузуп салышпаса эле болду. Эми УКМКнын былтыркы шайлоо учурундагы партиялык коррупцияга каршы аракеттери жөнүндө. Ачык эле айтып коёюн.

2015-жылы чоң мыйзамсыздык менен уюштурулган парламенттик шайлоого улай эле 2020-жылкы парламенттик шайлоонун уюштурулушу Кыргызстандын тарыхында эң булганычтуу болгон. Ошол кездеги расмий бийликтин наадандык жана айбанчылык инстинктинде чек жок болуп калган болчу.

Өзүңүздөр дагы бир жолу эстеп койсоңуздар. Үч чала төрөлгөн партия болумуштарды алга сүрөп, адмресурсту ачык эле колдонуп, акчаны эбегейсиз чачып, акыр аягында 90%дык депутаттык мандаттарды өз ара бөлүштүрүп алышпады беле? Эмне унутуп калдыңарбы?

Эл так ошол арамза бийликтин бетине түкүрүп туруп кууп чыкпады беле? Эми ошол шүдүңгүттөрдүн бардыгы азыркы бийликке жармашып жүрүшөт. Бет деген, адамдык асыл сапат деген такыр жок калыптыр, да! Элдин гана кыжырын келтирип жатышат.

Мен кечээ бир ызырынган жигит менен сүйлөшүп калдым: «Ошол былтыркы акмактардын тизмесин түзүп жатабыз. Эми быйыл аларды ордуна коймоюнча өлбөгөн жерде калабыз!» - дейт.

Эмне деп каршы сөз айта аласың? «Кой уулум, сабырдуу бол!» - деп алып андан кайра адилеттүү эле жеме уктум: «Мен Сизди сыйлайм!» - деп коюп басып кетти.

Эч бир саясий жаман оюндарга катышпаган адамга өтө эле оор тийет экен! УКМК бир депутатты, бир экс-депутатты жана мэрди камакка алыптыр.

Менимче, бул айсбергдин 10%ы эле болуш керек. Бул иш чараны дагы күчтөнтүү менен улантуу керек го! Мыйзамды тыкан сактап, ошол былтыркы шайлоонун негизги жана «күжүрмөн» каармандарын, анын ичинен ошол кездеги БШКнын мүчөлөрүн катуу жазалап алып туруп, анан гана быйылкы шайлоону баштоо зарыл.

Бул жагынан мен УКМКнын аракетин толугу менен колдойм! Антишпесе жаңы шайлоонун легитимдүүлүгүнө доо кетет дагы, элдин толкундоосу кайрадан жанданат.

Айланайын жакшылар, акылыбызга келеличи. Эл азыр оор турмуштан катуу жабыркап турган кези. Кичине эле тамызгы болсо «дүрт» эткен улуу от чыгып кеткени калды!

Ошондуктан президентти жалгызсыратпай колдоп, анын айлана-чекесиндеги бузуку шүдүңгүттөрдүн жана кээ бир акча жасаганга шылуун партлидерлердин бетин ачып, шайлоону колдон келишинче таза өткөрүүгө бел байлашыбыз максатка ылайыктуу болоор эле. Бул баарыбыздын колубуздан келе турган эле иш!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости