www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров БУУнун ассамблеясынын 76-жыйынында ооганстандыктарды кабыл алганга даяр экенин дагы бир ирет жар салды. Мындай пикирди жарандык активист Гүлжигит Исаков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Садыр Жапаров БУУнун ассамблеясынын 76-жыйынында ооганстандыктарды кабыл алганга даяр экенин дагы бир ирет жар салды.

Элдин көпчүлүгүнүн пикири Пакистан аркылуу келген ооганстандыктарга жана пакистандыктардын өздөрүнө бир беткей болбогону жана нааразычылык туудурган маанайда экени маалым. Садыр Жапаров аттуу жаран элдин бул пикирин эске алгандын ордуна, тескерисинче, «Кыргызстанга дагы ооганстандыктарды кабыл алганга даярбыз» дегени Ооганстандагы маселелерди Борбор Азияга жайгысы келгендердин жүргүзгөн саясатына шайкеш келүүдө...

Садыр Жапаровдун БУУда промтперден окуган текстин «эл аралык кожоюндарынын алдында отчет берүү жана аларга лоялдуулугун дагы бир ирет тастыктоо» катары бааладым.

Каалагандар бул пикирге кошулат, каалабагандар кошулбайт. Бул менин субъективдүү пикирим. Ал чындыкты канчалык деңгээлде чагылдырганын убакыт жана ушул убакка чейин туура чыгып келген талдоолор көрсөтөт.

Ооганстан боюнча Садыр Жапаров сыяктуу билдирүүлөрдү жасагандарды тизмелеп келсеңиздер, анча-мынча маалыматтын четине жеткен болосуздар!

Жаратканым тарыхый адилеттүүлүктү тез арада орнотууга жардам берсин жана андагы ээлеген ордубузга жетүүнү буюрсун!», - деп белгилеген Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости