www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Кувейтке барат

24-сентябрда Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кувейт мамлекетинин тышкы иштер министри Ахмед Насер Аль-Сабах менен жолугушту.

КРнын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кувейт кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты жана өз ара кызыгуу жараткан бардык багыттарда эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча "жол картасын" даярдоо жана ишке ашыруу пландарын белгилешти.

Кыргызстан менен Кувейттин тышкы иштер министрлери жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Кувейтке боло турчу сапарын баса белгилешти.

Тараптар ушул жылдын июнь айында Бишкек менен Эль-Кувейттин ортосунда түз аба каттамдары ачылганын канааттануу менен белгилешти.

Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү контекстинде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнү, Тышкы иштер министрликтери аралык консультацияларды өткөрүүнү, айыл чарба жана саламаттыкты сактоо жаатында келишимдерге кол коюуну сунуштады. Өз кезегинде Кувейттин Тышкы иштер министрлигинин башчысы өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатуу үчүн региондун транспорттук-логистикалык дараметин пайдалануунун зарылдыгы тууралуу пикирин билдирди.

Тараптар Афганистандагы кырдаалды да талкуулашты, тынч, коопсуз жана туруктуу Афганистанды куруу боюнча жалпы көз караштарын белгилешти.

Кувейттин тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди Кувейтке расмий сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости