www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ар бир көз карандысыз өлкөдө ички душмандардан, чыккынчылардан, тыңчылардан турган 5 колонна бар», - деди бүгүн, 25-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турсунбай Бакир уулу.

- Турсунбай агай, жаз келгенде, күз келгенде эле бийлик алмаштырууну көздөп жатышат. Кыргызстан өнүгүп кетпеси үчүн ушундай сценарийлерди ишке ашырып турушат деген маалыматтар желдей тарап турат. Эгер ошол сөздөр чын болсо, алар кимдер? Аларды ким каржылайт?

- Кыргызстанды эрктүү, күчтүү мамлекет болушуна каршы турган чет өлкөлөр бар экенинен күмөн санабашыбыз керек. Андай душмандар бар болуп келген, азыр да бар, кийин да боло берет!

Кеп башкада: өлкөнүн ички душмандарында! Ар бир көз карандысыз өлкөдө ички душмандардан, чыккынчылардан, тыңчылардан турган 5 колонна бар болот. Алар сырт жактан да, «ата-мекендик» нааразы болгон олигархтар тарабынан да каржыланат.

Эгер көп акча сарпташып «ыңкылапты» уюштура турган болушса, андай аракеттерине каршы чыгып, алдын ала жок кылуу керек. Саясий система өзгөрүлмөйүнчө ыңкылаптардын, төңкөрүштөрдүн пайдасы жок экенин элибиз акыры түшүнгөндүр деген үмүттөмүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости