www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майрам Акаева Таласта жүрөбү?

Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти Аскар Акаевдин аялы Майрам Акаева Кыргызстанга жашыруун келди. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине ишенимдүү булактар билдирди.

Алдын ала маалым болгондой, Майрам Акаеванын 103гө чыккан апасы ооруп учурда Талас облусунда жүрөт.

Эске салсак, Аскар Акаев 2-августта Кыргызстанга келген.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) мурдагы президент «Кумтөр» долбоору боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Москвадан алып келингенин билдирсе, Акаев бийлик менен сүйлөшүп алып өз эрки менен келгенин айткан.

Акаев 1992-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости