www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президенттик шайлоодо утулуп калган талапкерлер ыңгайлуу учурду, бийликтин жаңылыштыгын күтүп, буктурманы аңдып турган кези», - деди бүгүн, 25-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.

- Нурлан мырза, бийликтин «Кумтөрдү» мамлекетке алуу боюнча баштаган иштеринин аягына чыгарарына ишенесизби?

- Азыркы бийликтин катачылыгы эскилерди жазалабай ордуна калтырып койгону болууда. А эски бийликтен калгандар үлүш алып көнүп калган. Ошондуктан, алар тымызын тоскоолдук жарата берет.

Ошондуктан, люстрация мыйзамын кабыл алып, эскилерди кетирип, бийликке жаңыларды алып келиш керек. Антпесе Садыр Жапаровдун коррупция менен күрөшкөн аракети, Кыргызстанды өнүктүрөм, чиеленишкен маселелерди чечем деген эмгеги жокко чыгып, жасайм деген жакшы иштери ишке ашпай, президенттик мөөнөтү бүтүп калат.

- Кыргызстанда элди төртүнчү төңкөрүш менен коркутуп жаткан чагымчыл күчтөр барбы? Болсо алар кимдер?

- Албетте, бар. Бийлигин тарттырып жиберип ызаа болуп жаткандар же болбосо чоң кызматка отура калам деген ичиндеги бугу барлар. Ошондой эле президенттик шайлоодо утулуп калган талапкерлер ыңгайлуу учурду, бийликтин жаңылыштыгын күтүп, буктурманы аңдып турган кези.

Булар тынчыбай бир топко чейин былгый берет. Андыктан Туйгунаалы Абдраимовго окшогондордун бир тобун камап салганы туура болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости