www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эл деле бир үндүктүн баасына добуш сатканы өз мамлекетинин келечегин сатканга барабар иш экенин түшүнүп калды», - деди бүгүн, 25-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Нарынбек Молдобаев

- Нарынбек Молдобаевич, таза шайлоо өткөрүү үчүн эл добуш сатуунун кесепети жаман болоорун түшүнүшү керекпи же добуш сатып алып, ийгиликке жетем дегендер жазаланышы керекпи?

- Таза шайлоо өткөрөбүз деген бийликтин аракетинен кийин «Кыргызстан» партиясынан мурда шайланган эки депутатка УКМК алдамчылык кылган деген жүйө менен кармады.

Эми 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо таза өтүшү керек. Качанкыга чейин эле шайлоолор ыплас өтүп, кайра-кайра бийлик алмашып, элдин нааразычылыгы жарала бермек эле.

Бу сапар азыркы бийликте тургандар да, эл да таза эмес, ыплас жол менен өткөн шайлоонун кесепеттерин түшүнүп, төңкөрүштүн баары ыплас шайлоонун айынан болгонун билип эле жатышкансыйт.

Бийликтегилдердин шайлоону бурмалап же добуш сатып алууну көздөгөндөрдүн баары жазаланат деп айткандарына караганда, шайлоо түзүк өтөт го деп ойлойм. Шайлоону таза өткөрүү боюнча штаб да түзүлдү.

Анын башчысы болуп, Коопсуздук Кеңешинин жетекчиси дайындалды. Эл деле бир үндүктүн баасына добуш сатканы өз мамлекетинин келечегин сатканга барабар иш экенин түшүнгөндөй эле болуп калды.

Ошондуктан, акча тараткан кишилерди деле эл сүйбөйт болуш керек. Анткени, элдин аң сезимине добуш саткандын кеспеттери жетти деген ойдомун. Бишкек шаардык кеңешине шайлоо болгон да деле домкомдорду сатып алган терс көрүнүштөр ачыкка чыгып калды.

Элдин добушун сатып алган, администравдик ресурсту колдонгондорду көзөмөлдөсө, шайлоо жакшы эле өтөт деп ойлойм.

- Добушумду сатып алам деп келди дегендерге сыйлык берсек, добуш сатып алуу токтойт деп сунуш айткан да депутаттар болду го?

- Менимче, ал туура эмес. Анткени, бул ыкманы атаандаш партияларын жок кылгысы келгендер провокация кылып, жалаа жабуу максатында колдонуп коюшу мүмкүн. Ошон үчүн мен мындай ыкмага каршымын. Акча керек болсо да, жаман адаттан кутулуу максатында эл өзү деле андай добуш сатып алууга жол бербейт го деген ойдомун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости