www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кайберендер тоонун башындагы чөптү эңсегендей эле алар олжолуу кызматка ээ болгон күндү эңсеп отурушат», - деди бүгүн, 25-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.

- Качкын агай, шайлоо жакындаган сайын төңкөрүш болот, бийлик алмашат деген сөздөр айтыла баштады. Эгер ошол сөздөр чын болсо, төңкөрүш кылууну кимдер көксөп, бийлик алмаштырууну кимдер каалап жатат?

- Азыр төңкөрүш уюштуруп, бийликти басып алууну эңсегендер көп. Анткени, жаңы бийлик келгени аздыр-көптүр уурулардын беттери ачылды.

Көбүн кустурду. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин чоң эмгеги коррупциянын ана башчыларынын бетин ачты. Ошон үчүн эптеп бийликке жетсек, май-талкандын үстүндө отуруп калабыз дегендер бар экени чындык. Алар кайберендер тоонун башындагы чөптү эңсегендей эле кантип, бийликке келип калабыз деп, олжолуу кызматка ээ болгон күндү эңсеп отурушат.

- Азыркы бийликтин аларды ордуна койгонго күчү жетеби?

-Садыр Жапаров кызматка командасы жок келгени үчүн кыйынчылыкка кептелип, кадр саясаты сынга кабылып жатат. Себеби, мамлекеттик кызматтарда иштин көзүн тапмак турсун, криминалдашып кеткен тармактар да бар. Мына ошолорду мамлекеттик кызматтардан кантип тазалайт ал президенттин иши. Президент деле шайлоодон кийин баарын тазалап, ишти илгерилетет деген ойдомун. Анткени, криминалдар мамлекеттик кызматтан кетмейин мамлекет оңолбойт. Аны президент деле түшүнүп турса керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости