www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Садыр Жапаровго убакыт берип, сабыр кылып туралы», - деди бүгүн, 9-июнда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, адилетсиз соттордун азабын тарткан адамсыз. Сот реформасын кандай багытта жүргүзсөк калыс, адилеттүү чечим чыгарган сотторду жарата алабыз?
- Сот системасын адилет жана таза түзө алган өлкө гана бакубат жашоо орното алат. Элдери бактылуу болот. Европа, АКШ, Япония ошондой өлкөлөрдүн сап башында турушат. Сот бийлиги үч бутактын бири катары эч кимден көз каранды болбошу абзел. Сотторду эл өзү түз шайлашы керек экен. Эми буга дагы акырындап келээрбиз!
- Садыр Нуркожоевич сот реформасы кандай кылса оң жыйынтык берет?
- Садыр Нургожоевич сот реформасын бир нече этаптар менен өткөрүүнү тандап алгандай. Бул туура! Анткени, мурдагы бийлик ээлери сот системасын биротоло өздөрүнө көз каранды кылып келишкен. Эл мүңкүрөй баштаган. Соттордон түңүлө башташкан. Эми муну дароо оңдоп кетүү кыйын. Убакыт керек! Сабыр кылып туралы!
Булак: NazarNews.kg