www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Чек ара маселесин чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо - бул мамлекеттин иши», - деди бүгүн, 28-майда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, чек арага жакын жайгашкан аймактарга өзгөчө макам берип, чек арачы деген статуска ээ кылып, кошумча курал-жарак бериш керек. Ошондо чек арага чектеш жашаган эл чек араны да, өзүн да коргойт деген сунуштар айтылууда. Мындай сунуштар орундуу элеби?
- Бул абдан жоопкерчиликтүү жана опурталдуу маселе экенин билип коюшубуз керек! Анткени, ошол согуштук куралды максатка ылайыктуу колдоно билүү колубуздан келеби? Же адатыбызча аша чаап кетип кээ бир ниети бузук адамдардын жетегине кирип алып «талаа командирлерин» жаратып, кайра өзүбүздүн өлкөнүн коопсуздугуна доо кетирип алабызбы? Терең ойлонуп иш кылалы.
Менимче, Жогорку Кеңеш атайын мыйзам кабыл алуу керек. Анан ал документтин так аткарылышы зарыл. Ошондой шартка көнө алабызбы? Бул чоң суроо жана сыноо! Илгери СССРдин тушунда чек арага жакын жайгашкан элдин аң-сезими укмуш өнүккөн эле. Ошого жараша саясат жана таалим-тарбия иштери жүргүзүлчү. Чоочун кишилерди дароо заставага билдирип коюшчу. Эми андай иш-чараларды уюштурууга эмнеге болбосун? Бирок, менимче, чек ара маселесин чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо - бул мамлекеттин иши. Баткенге аскер базабызды эмнеликтен азыркыга чейин жайгаштыра албай жүрөбүз?
Мисалы, Кой-Таштагы жана Балыкчыдагы аскер полкторун ошол опурталдуу чек араларга жакын туруктуу дислокация кылсак болбойбу? Бул борбордо алардын канчалык пайдасы бар? Же Бишкектин комфортунан ажырап калабыз деп согуш генералдары каршы болуп келе жатышабы? Бул эми күлкүлүү жана коопсуздугубузга каршы багытталган айлакерликтин амалдары да, туурабы? «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде! », - деген аталарыбыздын насаатын эчак эле унутуп калгандайбыз!
Бүгүн элди коргой турган биздин полктор Бишкектин курорттук зонасы менен көл кылаасынын боюнда өлкөнүн так ортолорунда жайгашып алышкан, эл четинде болбой эле! Муну сөзсүз чечишибиз керек. Буга президентибиздин саясый эрки бар экендигине көзүм жетип турат!
- Баса, былтыр чек арадагы чырда үйү өрттөлгөн Тажикстандын оор беренелери менен кылмыш иши козголуп, эл аралык издөөгө алынган Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитовду Россиядан Тажикстанга экстрадициялоону суранып жатышыптыр. Мындай учурда мамлекет кандай аракеттерди көрүшү керек?
- Эсенбай Мажитовду расмий тажик бийлиги ушунча кордоп жатканы чын болсо - бул адатыбыз бизге абийир алып келбейт. Биздин ТИМ мунун артынан сөзсүз түшүшү керек. Ушундан улам бир көйгөйүбүз эске түштү. Биз, кыргыздар улут катары дагы эле борпоң экенбиз. Улуттук идеологиябыз жок. Көз караштарыбыз чаржайыт. Акча жана бийлик десе эле өмөчөктөп жатып алдык го, чиркин. Анан биздин жарандарды кордошот да! Башыбызды бириктирип улуттук идеянын алдына чогулалы! Кеч болуп калат. Дагы эле мурдагы соргоктордун жана ач көздөрдүн жолуна түшүп албайлы, жакшылар!
Булак: NazarNews.kg