www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бизнес Омбудсмен Кыргызстандын гүлдөп өнүгүп кетээрине күйгөн сапаты бар экенине ишенбеймин», - деди бүгүн, 11-майда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.                            

- Каныбек агай, «Кумтөрдү» иштетип, каймагын калпып алып, кыргызстанга көк сүтүн да ыраа көрбөгөн «Центерраны» Октябрь райондук соту экологияга келтирген зыяны үчүн 261,7 млрд. сом төлөсүн деген чечим чыгарды. Эми алар катачылыгын моюндарына алабы же каражатты төлөбөй коюштун аракетин кылышабы?

- Октябрь райондук сотунун жогоркудай чечими Кыргызстан үчүн чоң жана жагымдуу прецеденттик окуя болду. Мурда деги эле мындай чечкиндүү кадам болгон эмес. Бул дагы болсо азыркы расмий бийликтин туура позициясы болуп жатат. «Центерранын» экологиябызды ырайымсыз түрдө талкалап келгенин ким жашыра алат? Кыргыздын чыгаан патриот уулдары - Нарис Калчаевдер баш болгон жарандар зор эрдик кылышты десек, албетте, жарашат.

Соттордун кийинки инстанциялары дагы колдошот деп үмүт артып туралы! Кечээги соттун чечиминин эбегейсиз чоң моралдык утушу бар. Айсберг ордунан жылды! Ошол соттун чечимин катуу карманып, канадалык фирманын шаштысын алууга эмнеге болбосун? Элдик контроль уюштуруп алып катуу көзөмөл жолуна өтүшсө болот.

Анан эл аралык сотторго кайрылышат. Ал жерден деле катуу күрөш ачып, жеңишке жетишүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар! Мындан ары биздин тиешелүү бийлик органдары чечкиндүүрөөк болушса деген гана тилегим бар!

- Элдин баары «Центерра» доого жыгылат деп үмүт артып, жок дегенде экологияга келтирген зыяндарыбыз төлөнөт деп жатса, бизнес Омбудсмен «аларды доого жыгып, төлөмөр кылсак Кыргызстандан инвесторлор кача баштайт» деген оюн айтты го?

- «Центерра» инвестор эмес. Бул - эл аралык шылуундар уюштурган чоң афёра. Биздин мурдагы президенттердин баарысы алардын «лакейлери» болуп келишкен. Анын үстүнө бир нече мурдагы атка минерлер дагы уурулук акцияларга ээ болуп алышкандыктарын жакында эле көрдүк го. Мына ошолор кыргыз элинин накта душмандары. Алар «Центерра» үчүн өз ата-энесин дагы сатып жиберүүгө даяр болушкан наадандар!

Бизнес Омбудсмен Кыргызстандын гүлдөп өнүгүп кетээрине күйгөн сапаты бар экенине ишенбеймин. Ага баары бир. Элди тоной турган «шылуун инвесторлордун» келгенине караганда ары эле оодарылып кеткени артык. Алардын жүзү курусун! Азыркы бийлик инвестицияны тартып келүү жана аны коргоо боюнча атайын министрлик ачты.

Менин оюмча, бул ведомство ачык-айкын, жана мекенчил саясатты жүргүзүүгө багыт алды. Андан көрө ушундай демилгелерди колдоп туралычы, кайдагы эле бир чет элдик «жан күйгүзүмүш» болгон адамга ишенип албай!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости