www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү жана илим министрлиги менен чырлашып жаткан «Ай-Кью» билим берүү комплекси өз максатына жетти.
Аталган окуу комплексинин аттестат алалбай жаткан 84 бүтүрүүчүсүнүн үнү президентке жетип, өлкө башчысынын кийлигишүүсү менен кечээ аттестат берилди.
Ошентип, Каныбек Иманалиев Билим берүү жана илим министрлигин мыш кылды. Дегенибиз, өздөрү айтып келгендей, "Ай-Кью" окуу комплексинин 84 окуучуну мөөнөтүнөн мурда ыкчам шашылыш бүтүрүү боюнча мыйзамга ылайык келбеген акчага байланышкан күмөндүү ишмердүүлүгү тууралуу президентке туура түшүндүрүп, аталган окуу жайдын директоруна мыйзамдуу чара көрүшү милдет болчу. Анте алган жок.
Демек, күнөө министрликте экен да. Андай болгон соң, окуучуларды, ата-энелерди кыйнап, алардын пикирин укпай текеберленип, сүйлөшпөй, тоготпой качканы үчүн, өз ишине шалаакы, жоопкерчиликсиз мамиле жасаганы үчүн жооп бериши керек.
Билим берүү жана илим министрлиги култуңдап интрига кылган саясий оюн талаасы эмес. Негизи, Иманалиев тили сайрап, кооз сүйлөгөн менен иш жүзүндө колунан эч нерсе келбеген мажүрөө эле байкуш экенин "Ай-Кью" чырынын алкагында айгинеледи. Министрликтин беделине сокку урду. Кадырын кетирип, ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрдү. Андыктан, арыз жазып, кечирим сурап кызматын тапшырып кетип калганы оң болмок.
Булак: NazarNews.kg