www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каныбек Иманалиев Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу чыгармачыл союздан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төрагалыкка жазуучулар Атантай Акбаров, Каныбек Иманалиев, Кожогелди Кулуев жана Жедигер Саалаев ат салышкан.

Жазуучулар союзунун башкармалыгынын ичинен 128 акын-жазуучу жашыруун добуш берген. Анын алдында талапкерлер өз программалары менен тааныштырганы айтылды.

Натыйжада төрт талапкердин ичинен жогорку упай топтогон Каныбек Иманалиев (38) жана Кожогелди Кулуев (33) 2-турга өтүп, кайрадан добуш берилген.

Жыйынтыгында 70 добуш менен мурдагы билим берүү министри Каныбек Иманалиев төрага болуп шайланды.

Белгилей кетсек, Жазуучулар союзун буга чейин акын Нурлан Калыбеков жетектеп, мөөнөтү быйыл аяктаган.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости