www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каныбек Осмоналиев: «Азыр Борбор Азияда тынч эмес»

«Орусия-Украина-НАТО араздашуулары биринчи кезекте Орто Азия өлкөлөрүнө катуу сабак болуусу тийиш!», - деди бүгүн, 4-майда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, «Байрактар» Анкарага бизнес, Борбор Азияга баш оорубу?

- Азыр дүйнө жүзүндө кыйраткыч курал жарактар эбегейсиз санда көбөйдү. Мындай коркунучтуу кырдаалдар мурда болгон эмес. Анткени, ошол жексур согуш куралдарын сатып казнаны толтурууга болгон далаалаттар кадыресе эле көрүнүш болуп кетпедиби?

Жөнөкөй эле элдин шору катып жатат. Бир өкүнүчтүүсү илим менен жаңы инновациялар жана технологиялардын дээрлик баардыгы согуш куралдарын өркүндөтүү жолуна түшкөн.

Жер бетинде жашаган адамдардын саны өтө тездик менен көбөйүүдө. Жер эненин табигый ресурстары дагы ченелүү. Канчалаган өлкөлөрдө азык-түлүк, суу жетишпейт.

Демек, илимдин жетишкендиктери адамзатынын татыктуу турмушун камсыз кылууга багытталыш керек. Бирок, тилекке каршы, тескери болууда. Түрктөрдүн «Байрактары» деле ошол кыйраткыч куралдардын бири.

Адамдарды массалык түрдө кайгыга кептеп коёт. Азыр Борбор Азияда тынч эмес. Коңшу элдер тынчтык жолун гана каалап мамилеге өткөндүн ордуна, өз ара араздашмай күч алууда. Мындай кырдаалды жасалма түрдө козуткан дагы сырткы жана ички күчтөр бар.

Кыргызстан менен Тажикстан экөө тең ресурстары чектелүү өлкөлөр. Ири империялардын оюнчугуна айланып кетпесек экен! Эми төбөлдөрүбүз ойлонуп жатышкандыр. Азыркы заманда согуш кичине эле тутанса, аны токтотууга мүмкүн болбой калат.

Орусия-Украина-НАТО араздашуулары биринчи кезекте Орто Азия өлкөлөрүнө катуу сабак болуусу тийиш! Тынчтыкты сактап калуу башкы милдет болушу керек!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости