www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Балдар биздин келечегибиз. Аларды обу жок батышчылдардын колдоруна салып берүүнүн өзү эле чоң чыккынчылык!», - деди бүгүн, 18-апрелде, NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, мектептеги окуу жылынын мөөнөтүн 12 жыл болоорун министр айтты. Коомчулукта Билим берүү министрин колдогондор да, ага каршы чыккандар да бар. Сиз 12 жылдык окууну колдойсузбу же каршысызбы?
- Мен караманча каршымын! Азыр мындай опурталдуу долбоорлорду көтөрө турган мезгил эмес! Саясий жана, экономикалык абал өлкөбүздүн эле ичинде эмес, бүт планета боюнча өтө оор!
Орусия-НАТО кагылышуусу жаңы геосаясий ландшафтты түзгөнү калды. Акыркы 20-30 жыл ичинде күчөй баштаган ааламдашуу процесси кыйрап бара жатат.
Демек, улуттук өзгөчөлүктөр кайрадан өзүнүн ордун таап келе турган жагдайлар түзүлүүдө. Батыштын билим саясатына шайкеш келген саясатты активдүү жүргүзүп жүрүп, биз кыргыздар, окуу системабызды толук талкалап алдык! Айрыкча мектептик билим берүү өлдү. ЖОЖдор деле ошонун ахыбалында.
Анан түз жерден эле 12 жыл окута коёбуз деп оолукканыбыз, бери эле дегенде жеңил ойлуулук. Мени акыркы күндөрү ушундай бир бүдөмүк ойлор бийлей баштады? Кимдир бирөөлөр жең ичинен эле акыркы чечимди алып коюшкан эмеспи?
Эми элге айтып, мыйзамдаштырып эле коёлу деп жатышкандай! Ылайым эле мен адашып калайын. Демилгечилерди колдоп чыгышкан кээ бир жалданма мүнөздөгү «эксперттер менен жазмакерлердин» агрессивдүү позицияларын көрүп туруп ушундай ойго келет экенсиң, анан жаныңан түңүлөсүң!
Андан көрөкчө мектептин инфраструктурасын чукул арада жакшырталы. Бир партада 3-4 бала отурган класстарда кайдагы сапаттуу билим болсун? Мугалимдердин билим деңгээлдерин көтөрөлү. Окуу куралдарын качан заман талабына шайкеш кыла алабыз?
Кыскасы, толгон-токой көйгөйлөр толтура. Ооба, мындай проблемаларды чечүү үчүн шымлана киришип, күнү-түнү эс албай иштөө керек! Ага батына албай, анан, жоокалатуучу жолго түшүүнүн өзү болбогон иш! Балдар биздин келечегибиз. Аларды обу жок батышчылдардын колдоруна салып берүүнүн өзү эле чоң чыккынчылык!
Билим берүү системабызды дүйнөлүк контекстте өзүбүз эле бир сонун кылып түзүп алууга кудуретибиз жетет! Акылыбзга келели. Кандайдыр бир болочок мезгилдерде, экономикабызды көтөрүп алгандан кийин карап көрсөк болоор, жакшылар!
Эске салсак, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүүнү сунуштады. Бул боюнча коомчулуктар бир топ нааразы пикирлер жаралууда.
Президент Садыр Жапаров быйыл Билим берүү министрлигине 16 млрд. сомдон ашык кошумча каражат бөлүнгөнүн, бардык категориядагы мугалимдердин айлыгы кеминде 50% көтөрүлөрүн айткан.
Кыргызстанда эки жарым миллиондой окуучу менен студент бар. Агартуучулардын саны 186 миңден ашат. Өлкө боюнча 345 авариялык абалдагы орто мектеп иштеп жатат.
Булак: NazarNews.kg