www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилдин кадырын көтөрүү - бул  жалпы улуттук милдет болушу керек деген пикирин   Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев NazarNews маалымат агенттигине  билдирди.

—Тилдин кадырын көтөрүү - бул  жалпы улуттук милдет болушу керек. Тилекке каршы,  мындай вазийпаны аткарууга кудуретибиз жетпей, башка элдерге шерменде болуп келдик. 

 Кыргыз тилибизге болгон чыккынчылык Акаевдин президенттик доорунан башталган экен. Биринчи кезекте Россияга жагымпоздук кылам деп, орус тилин кыргыз тилине тең ата кыла коюп, көп жаңылыштык кетирген. Натыйжада, орус тили өзүбүздүн эне тилибизди ырайымсыз түрдө жашоонун баардык учурларынан оолактатып салган.

Анан калса, бийлик төбөлдөрү өздөрү ээлеген болоор-болбос кызматтык креслолорун намыстан жогору коюп алган.  Натыйжада "мен кеткенден кийин ким келсе ошол жасасын!" - деген утурумчулдук жана кулдук адат тилибизди арабөк абалга кептеп койду. 

Эми жаңы конституциялык мыйзам жазып, анын көп беренелерин аныктап, оңдоп, парламенттен араң дегенде өткөрдүк. Дагы жакшы президент дароо колдоп колун коюп бекемдеп койду. Эми муну иштетип кете алабызбы? Маселе ушунда. 

Расмий иш-кагаздар кыргыз тилинде гана даярдалып, анан кийин гана расмий тилге зарылдыгына жараша которулушу абзел! Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилинде сүйлөп жана сабаттуу жаза билиши шарт! Буларга эч кандай жеңилдик же убакыт берүүнүн зарылдыгы жок! Анткени, 34 жыл жакшы эле тайраңдатып келдик!

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости