www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мурдагы президенттер өкмөттү, парламентти же жогорку даражалуу чиновниктерди түртө салышып, өздөрү көшөгөнүн артынан байкап турушчу», - деди бүгүн, 26-апрелде NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, президент кечээ талаштуу маселелер боюнча ачык маек бериптир.  Маектеги жоопторго ынандыңызбы?

- Президентин бул жолку маеги абдан ачык мүнөздө берилиптир. Эл кызыгып окуп жатканы байкалууда. Комментарий үчүн мага дагы көптөгөн тааныштар байланышып, пикир алып жатышат. Көп бүдөмүк суроолорго ачык жооп бериптир.

Албетте мезгил өзү таразалайт. Бирок, бир нерсени тайманбай эле айталычы. Президент Садыр Жапаров өлкөнүн бир топ опурталдуу көйгөйлөрүн жоопкерчиликти өз мойнуна алып чечип жатат.

Мурдагы президенттер өкмөттү, парламентти же кандайдыр бир жогорку даражалуу чиновниктерди түртө салышып, өздөрү көшөгөнүн артынан байкап турушчу эле го? Сулуу чымчык болуп отуруп алышчу! Алар эмне жакшы аброй алыштыбы? Жок, тескерисинче, элге жек көрүндү болушту. Жерге-сууга батпай жүрүшөт! Президент Садыр Жапаров эл арасында көп талкуу болгон суроолорго так жооп бериптир.

Алар: жаңы админстративдик имарат, «Манас айылы», айырбаштала турган 16 га жер, социалдык объекттердин курулушу, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолу, тышкы карым-катнаш, «Асман шаары» долбоору, «Кумтөрдөгү» экология маселеси, Украинадагы окуялар, ММК менен митингдер, кыргыз-тажик чек ара көйгөйү, казино, жеке үй-бүлөлүк маселелери.

Анын суроолоруна адекваттуу жооптор болуптур. Менимче мындай диалогдор мезгил-мезгили менен болуп турганы жакшы. Анын үстүнө президенттин пресс-кызматы менен пресс-катчысынан дайын жок!

Мага айрыкча, акыркы жылдагы соцобъекттердин курулуш темпи жөнүндөгү маалымат жакты. Алардын жалпы саны 159 экен, анын ичинен 68 мектеп, 16 бала-бакча, 12 саламаттыкты сактоо мекемелери, төрттөн маданият жана спорт имраттары жана башка.

Бюджеттен эле 4 млрд 929 млн сом акча каржыланыптыр. Кошумча дагы 2млрд 887 млн сомго жаңы социмараттар курулуптур. Буларды эл билбейт деле.

Ушундай иштерди президенттин өзү айтып турганы бир чети жакшы көрүнүш, бирок, анын айланасындагы жооптуу чиновниктер эмнеге тултуюп отурушат, түшүнбөйсүң? Колдоп-буттап элге чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшпөйбү?

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости