www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Соттун санкциясы жок эле тыңшап, маалымат чогултуу УКМКнын ишин жеңилдеткени менен резонанстуу жаңжалдар көбөйөт», - деди бүгүн, 14-февралда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- УКМКнын жарандарды тыңшоо мыйзамына Башкы прокурордун каршы чыкканы туура эле болдубу? Же тиреш башталдыбы?
- Азыр маалыматтык-коммуникациялык технологиялар укмуш деңгээлге чыгып жаткан учуру. Анын мүмкүнчүлүктөрү күн санап эмес, сааттап өсүп келүүдө. Албетте, УКМК үчүн эң оңой жол жарандарды каалаганча эч кандай эле соттордун санкциясы жок эл тыңшап маалымат чогултуу — бул алардын иштерин жеңилдетет.
Аларга кылмыштуу материалдарды жыйноого бир топ эле жардам берет. Күндөп-түндөп аңдуу, түйшүктүү жана уйкусуз күндөрдөн арылтат. Бирок, маселенин экинчи жагы дагы бар.
Бул — адам фактору. Менимче, резонанстуу жаңжалдар көбөйөт. Эл психологиялык жактан жабыр тарта баштайт. Адамдар бири-бирине ишенишпей түнт боло башташат. Граждандык активдүүлүк төмөндөйт. Иши кылса, бир топ эле негативдер орун алат.
Тыңчылардын саны көбөйөт. Азыр көпчүлүк жаштарыбыз, ал турсун чоңдорубуз деле билимге умтулбай калгандыктарын эске алсак, бир топ эле кокуй күндөргө туш болобуз. Ушулардын баарын эске алсак, Баш прокурор туура кадамга барды.
Мен ойлойм УКМКнын жетекчилиги деле кырдаалды түшүнүп турат. Мыйзам долбоорун артка кайтарып эле алышкандыктары туура болот. Ансыз деле соттун чечими менен кеңири эле тыңшоолор болуп жатпайбы? Же андай эмеспи?
Булак: NazarNews.kg