www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Калкты тейлөө борборуна (КТБ) күтүүсүз текшерүүгө барып, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты жана иштин жүрүшү менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Каныбек Туманбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө жарандар бир катар мамлекеттик кызматтарды КТБларга барбастан эле ала алышат. Тактап айтканда, паспорт алмаштыруу, ар кандай маалымкаттарды жана башка документтерди алуу мүмкүнчүлүгү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн форматта жеткиликтүү. Бул жарандардын убактысын үнөмдөп, КТБларга болгон жүктү азайтууга шарт түзөт.

Каныбек Туманбаев кызматкерлерге жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле кайрылууларды ыкчам кароо жана кызмат көрсөтүүнү үзгүлтүксүз жакшыртып туруу зарылдыгын баса белгиледи.

Последние новости