www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Иш башкармалыктын карамагындагы уюмдардын жетекчилери менен коррупцияны алдын алуу боюнча кезектеги жыйын өткөрдүм. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

--- Коррупция – мамлекеттин өнүгүшүнө эң чоң тоскоол. Ал экономикага зыян алып келет, элдин бийликке болгон ишенимин азайтат жана ар бир жарандын келечегине түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан бул багыттагы күрөш – ар бир жетекчинин жана кызматкердин жеке жоопкерчилиги.

Биздин урматтуу Президент Садыр Нургожоевич бул маселеге дайыма өзгөчө көңүл буруп, саясий эркти көрсөтүп келет. Ошондой эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич бул саясаттын ишке ашуусун катуу көзөмөлгө алып, чечкиндүү кадамдар менен иштеп жатат. Биздин милдет – ошол багытты иш жүзүндө колдоо жана күн сайын таза иш менен бекемдөө.

Коррупцияны алдын алуу үчүн шарт да керек. Бүгүн биздин ведомстволук уюмдардын кызматкерлеринин айлыктары жогорулап, ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат. Бул – кызматкерди мыйзам бузууга эмес, адилеттүү эмгекке шыктандыра турган негизги стимул.

Ишенем, эгер кызматкер өзүн камсыздалганын сезсе, мыйзам бузууга эч кандай кызыкчылыгы болбойт. Биздин максат – дал ушундай шарттарды түзүп, таза жана адилеттүү коомду куруу, - деди Туманбаев. 

Последние новости