www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Президентинин Иш башкармасына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча Ош шаарындагы борборго барды. Ал борбордун учурда жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү менен таанышты.

Туманбаев 1-апрелинен тарта унааларды борборго келип каттоо токтотуларын, бардык кызматтар санариптештирүү багытынын алкагында онлайн форматта жүргүзүлөрүн белгиледи. Мындай жол элди кезекте тургузуп кыйнабай, аралыктан эле оңой жол менен унааларды каттоого өбөлгө түзөт. Мындан тышкары документтерди жана номурду үйүнө жеткирүү кызматы ишке кирет. Ошондой эле ал кызматкерлерге санариптештирүү иштерин күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Учурда Ош шаарында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жаңы имараты курулуп жатат. Бул объект буга чейин мэриянын көзөмөлүндө курулуп башталган, бирок каржылоонун жетишсиздигинен улам курулуш иштери токтоп калган. Бүгүн Каныбек Туманбаев толук каржысын бөлүп берүүнү тапшырып, имарат быйыл пайдаланууга берилери белгиленди.

Последние новости